Жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион жараксыз деп табылды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Ага суроо-талаптын жоктугу себеп болгон. Белгилей кетсек, облигациялардын бул түрүн жайгаштыруу аркылуу бюджетке 300 млн сом тартуу пландалган.
Кошумчалай кетсек, 20-январга карата 3 млрд 221,4 млн сомдук 2 жыл болгон облигациялар жүгүртүүдө.