Кыргызстандагы авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү

29.03.2021, 15:30 Акчабар
Кыргызстандагы авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү

Кыргызстандан жети өлкөгө туруктуу авиакаттамдар ачылды. Ал эми айрым каттамдардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

 

Жазгы-жайкы сезондун ачылышына байланыштуу каттамдар 28-марттан тарта көбөйтүлөт:

Түркия

Turkish Airlines:

  • Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 12 жолу;

Pegasus:

  • Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 14 жолу;

  • Анталья — Бишкек — Анталья, жумасына үч жолу.

Кыргызстандын Avia Traffic компаниясы:

  • Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 2 жолу;

  • Анталья — Бишкек — Анталья, жумасына үч жолу.

Казакстан

Air Astana:

  • Алматы — Бишкек — Алматы, жумасына 10 жолу.

Бириккен Араб Эмираттары

Fly Dubai:

  • Дубай — Бишкек — Дубай, жумасына жети жолу (майда дагы жумасына жети рейс кошулары күтүлүүдө).

Өзбекстан

Uzbekistan Airways:

  • Ташкент — Бишкек — Ташкент, жумасына үч жолу.

Кытай

China Southern Airlines:

  • Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү, жумасына жети жолу.

Индия:

Avia Traffic:

  • Бишкек — Дели — Бишкек, жумасына үч жолу.

Россия

Avia Traffic компаниясы:

  • Бишкек — Воронеж — Бишкек, жумасына бир жолу;

  • Бишкек — Грозный — Бишкек, жумасына бир жолу;

  • Бишкек — Иркутск — Бишкек, жумасына бир жолу;

  • Бишкек – Казань – Бишкек, жумасына бир жолу;

  • Бишкек — Краснодар — Бишкек, жумасына бир жолу;

  • Бишкек — Красноярск — Бишкек, жумасына эки жолу;

  • Бишкек — Новосибирск — Бишкек, жумасына үч жолу;

  • Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек, жумасына үч жолу;

  • Бишкек — Сургут — Бишкек, жумасына бир жолу.

Мындан сырткары, Avia Traffic жана Tezjet авиакомпаниялары ички каттамдарды көбөйтөрү пландалууда.

Avia Traffic:

  • Бишкек — Ош — Бишкек, жумасына жети жолу.

Tezjet:

  • Бишкек — Баткен — Бишкек, жумасына төрт жолу;

  • Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек, жумасына жети жолу;

  • Бишкек — Исфана — Бишкек, жумасына жети жолу;

  • Бишкек — Ош — Бишкек, жумасына 25 жолу.


 

Тэги: авиакаттам аба каттам учак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу