Кыргызстан менен Кытайдын аба каттамдары көбөйүшү мүмкүн

29.08.2022, 09:47 Акчабар
Кыргызстан менен Кытайдын аба каттамдары көбөйүшү мүмкүн

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарынын интенсивдүүлүгүн жогорулатуу маселеси каралып жатат. Бул тууралууМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Эки тараптуу мамилелердин кеңири спектри түрдүү тармактарда, атап айтканда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндө талкууланды.

Белгиленгендей, Кытай тарап Кыргызстандан студенттерди кабыл алууну жандандырууда – 2022-жылдын 25-августунан 30-сентябрына чейин элчилик КЭРде билим алып жаткан студенттер үчүн виза алуу үчүн жашыл коридор ачат.

Ошондой эле Кытай коронавирус инфекциясына каршы 500 миң вакцина жөнөтүүгө даярданып жатканы жарыяланды.

Тэги: Китай авиасообщения Ду Дэвэнь Эдиль Байсалов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу