15-мартта Бишкектеги “Орион Отель” мейманкансында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту кыскартуу боюнча “Демилгелүү айымдар” Коалициясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча улуттук күн тартиби – бул, өзгөчө региондордогу ишкер аялдар үчүн учурдагы көйгөйлөрдүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү экономикасын түзүү максатында аялдардын ишкердигин өнүктүрүүнүн жол картасы болуп саналат.
“Бул иш-чаранын максаты – аялдардын ишкердиги боюнча туруктуу диалогду түзүү жана Улуттук банк аркылуу Кыргызстандын аялдар ишкердигин жана экономикасын өнүктүрүүгө оң салым кошуу максатында мамлекеттик органдардын, Коалиция мүчөлөрүнүн жана бардык кызыктар тараптардын аракеттерин синхрондоштуруу болуп эсептелет”, - деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Коалиция аялдардын бизнес-ассоциацияларынын, жарандык коом уюмдарынын, тармактык бизнес-ассоциацияларынын жана ишкер аялдардын ичинен 31 мүчөнү бириктирип, өлкөдөгү 42 миңден ашык аялдардын кызыкчылыгын коргойт.