Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берилет. Бул тууралуу Материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымына караганда, былтыр тамак-коопсуздугун камсыздоого республикалык бюджеттен 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
“Өткөн жылы Кыргызстан Россия менен келишим түзүп, 63 миң тонна буудай, 3 миң тоннадай кумшекер, 2 миң тонна өсүмдүк майын сатып алдык. Продукциялар дээрлик баары келип, республиканын аймагындагы кампаларда сакталып турат”, - деди Каракулов.
Ошондой эле, ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча министрлер кабинетинин буйругу чыкканын, анын негизинде 11 миң 467 тонна ун калкка таратыларын белгиледи.