Азербайжанга каттаган кыргызстандык туристтер көбөйдү

17.10.2023, 12:40 Акчабар
Азербайжанга каттаган кыргызстандык туристтер көбөйдү

Жылдын январь-сентябрь айларында Азербайжанга Борбор Азия өлкөлөрүнөн 95 миң 871 турист барган, бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,87 пайызга көп деп жазды Trend басылмасы.

Азербайжандын туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык Казакстандан барган туристтердин саны 42 миң 124 адамды (жыл ичиндеги өсүш 88,28 пайыз), Өзбекстандан 27 миң 976 (жыл ичиндеги өсүш 59,16 пайыз), Түркмөнстандан 18 миң 494 (жыл ичиндеги өсүш 2,87 эсе), Кыргызстандан 3 миң 841 (жыл ичиндеги өсүш 77,74 пайыз), Тажикстандан 3 миң 436 (жыл ичиндеги өсүш 86,94 пайыз) адамды түздү.

Отчеттук мезгилде Азербайжанга жалпысынан 1 миллион 536 миң 375 турист барганы (32,11 пайызга өскөн) белгиленди.

Тэги: туризм Азербайжан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу