Керектөөчүлөр тарабынан азык-түлүк жана көмүргө болгон тынчсыздануу жок

06.01.2023, 17:15 Акчабар
Керектөөчүлөр тарабынан азык-түлүк жана көмүргө болгон тынчсыздануу жок

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков Бишкек шаарында жайгашкан “Глобус”, “Фрунзе”, “Народный” соода түйүндөрүн жана башкаларды, ошондой эле көмүр сатуучу пункттарды кыдырды. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мониторинг социалдык маанидеги товарлар рыногундагы кырдаалга баа берүү, ошондой эле Экономика жана коммаерция министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Кызмат жана ун комбинаттарынын ортосунда түзүлгөн келишимдин аткарылышын баалоо максатында өткөрүлдү. 

“Баалардын мониторинги негизги социалдык маанилүү товарларга болгон баалар мурдагы деңгээлде сакталып турганын, калктын айрым топтору үчүн чекене тармактарда атайын арзандатуулар бар экенин көрсөттү”, - деп белгилейт Монополияга каршы кызмат.

Соода түйүндөрүнүн жетекчилиги керектөөчүлөр тарабынан товарды сатып алууда эч кандай толкундоо болбогонун билдирди. Ошол эле учурда, дем алыш күндөрүнө байланыштуу бүгүнтөн баштап жеткирүүчүлөр тарабынан товарларды жеткирүү кадимки тартипте жанданды.

Ошондой эле, көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында катуу отундун баасына мониторинг жүргүзүлдү. Кээ бир көмүр сатуучу жайларда таңгакталган көмүрдүн 50 кг 250 сомдон сатылууда.

“Дистрибьюторлордун айтымында, керектөөчүлөр тарабынан товарларга болгон эч кандай тычсыздануу жок. Мониторингдин жүрүшүндө, отун базаларынын жетекчилерине көмүрдүн баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана метрологиялык көзөмөл мыйзамдарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, - деп айтылат мекеменин маалыматында. 

 

Тэги: новости Кыргызстана антимонополия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу