Азия өнүктүрүү банкы гендердик баалуу кагаздардан 20 млн $ жакын каражат тартты

12.02.2021, 13:45 Акчабар
Азия өнүктүрүү банкы гендердик баалуу кагаздардан 20 млн $ жакын каражат тартты

Азия өнүктүрүү банкы 9-февралда биринчи жолу Казакстанда жайгаштырылган гендердик баалуу кагаздардын эсебинен 20 млн долларга жакын каражат тартты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

 

Гендердик баалуу кагаздардан тартылган каражаттар,«Турак жай фондун каржылоодо гендердик теңчиликти алга жылдыруу» долбоорун каржылоого жумшалат. Жалпысынан программага дээрлик 90 млн доллар тартуу пландалууда.

Долбоор «Отбасы банк» АКтын региондо жашаган аялдарга ипотекалык насыя алуу  мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Кошумчалай кетсек, баалуу кагаздар жарым жылга чейин 10-15% купон менен 10 жылдык мөөнөткө, 2030-жылдын декабрь айына чейин төгүүгө берилет.

Эске сала кетсек, «Отбасы банк»  турак жай курулушун үнөмдөө тутумун ишке ашырган жалгыз банк.

 

Тэги: Азия өнүктүрүү банкы ипотека насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу