Мамытов Нурлан Токтобекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Мындан тышкары, Аалиев Азиз Кубанычбекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды. Тийиштүү чечимдерге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.