2-мартта калаа башчы Азиз Суракматовдун шаардык кызмат жана бөлүм башчылары менен иш жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын расмий сайтында айтылат.
Шаардык саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова борбор калаада 30 саламаттык сактоо уюму бар экендигин билдирди, алардын ичине үй-бүлөлүк медицина борборлоруу, стационарлар, стоматологиялык поликлиникалар, Ыкчам медицина борборлору кирет.
2019-жылы бюджет боюнча план 95,5 пайызга аткарылып, каралган 254 млн 200 миң сомдун 216 млн 700 миң сом аткарылган. Каражаттардын жарымынан көбү 7 миң 467 дарыгер жана саламаттык сактоо кызматкерлерине кошумча акы катары бөлүнүп жаткандыгы белгиленүүдө.
Мэр Азиз Суракматов системаны сынга алып, борбордук поликлиникалардагы жана ооруканалардагы санариптештирүү процессин тездетүүнү буйурду.
ШСК башчысына шаар тургундары үчүн жаңы диагностикалык борборун ачуу жана жаңы медициналык жабдыктарын алуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.