Бишкекте кайрадан азык-түлүктөрдү дүң баада сатуу жарманкеси өтөт

08.01.2021, 10:15 Акчабар
Бишкекте кайрадан азык-түлүктөрдү дүң баада сатуу жарманкеси өтөт

Жарандардын өтүнүчү боюнча, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Өкмөт менен биргеликте айыл чарба жарманкелерин кайрадан улантат.

 

 

2021-жылдагы биринчи жарманке 9-январда Бишкектеги Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.

Жарандарды колдоо максатында бааларды дүң баада сатуу жарманкенин маанилүү критерийи болуп саналат. Иш-чарага 40 компаниянын катышуусу пландалууда.

 

«Буга чейинки жарманкелерде тургундардан жакшы жооп алып, кыргызстандыктардын арасында суроо-талапка ээ болду. Эң башкысы ата мекендик дыйкандарыбыз ыраазы болуп, өз продукцияларын сата алышты. Ошондуктан, биз бул тажрыйбаны республиканын бардык аймактарын камтып, бардык жерде улантабыз жана киргизебиз», - деди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев.

Жарманке 9-январь күнү саат 10: 00дө башталып, төмөнкү продукциялардын түрлөрү коюлат:

• Эт азыктары
• Күнкарама майы
• Жумуртка
• Балык
• ун
• Күрүч
• Сүт азыктары
• Колбаса
• Жашылчалар
• мөмө жемиштер
• кургатылган жемиштер
• Суусундуктар ж.б.

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060

Тэги: ярмарка жарманке айыл чарба Айыл чарба министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу