«Бай Түшүм» инновация жана технологиядагы жетишкендиктери үчүн  AmChamдын сыйлыгына татыды

28.01.2020, 12:30 Акчабар
«Бай Түшүм» инновация жана технологиядагы жетишкендиктери үчүн  AmChamдын сыйлыгына татыды

24 - январда Кыргызстандагы Америкалык палатанын жана анын шериктештеринин жыл сайын өтө туруучу Am Cham Awards сыйлоо аземинин алкагында «Бай Түшүм»   «Инновациялар жана технологиялардагы жетишкендиктери үчүн» сыйлыгына татыды.

 

2019 - жылы «Бай Түшүм» банкы бир катар инновациялык долбоорлорду жүзөгө ашыра алган:

  • «Бай Түшүмдөн» ВТВ 24 «Мобилдик банкинги». Бул аркылуу банк өз кардарларына үйдөн чыкпай туруп эле 240тан ашуун кызматтарды төлөөгө мүмкүнчүлүк берген. Бул сервисти банк мындан ары дагы өнүктүрүүнү көздөөдө.
  • ВТВ Market- кардарлар жана бизнес өкүлдөрү үчүн уникалдуу продукт киргизген Кыргыз Республикасындагы алгачкы жана жалгыз банк.
  • ВТВ Express- Орусия Федерациясында чыгарылган кайсы карта менен болсо дагы аны менен банктагы эсепти толуктоого мүмкүнчүлүк берген Кыргыз Республикасындагы биринчи продукт. ВТВ Express банктын кардарынын эсебине онлайн режиминде Visa, Mastercard жана МИР карталарынан акча каражаттарын которууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Visa виртуалдык картасы- Visa Gold төлөм картасын ошол учурда чыгарууга мүмкүнчүлүк берген банктык төлөм карталары рыногундагы уникалдуу продукт.
  • Банк убакыт менен бирге кадам шилтеп, NFC Near field communication киргизип жатат. NFC («жакынкы талаанын коммуникациясы», «жакынкы байланышсыз байланыш»). Бул жылы Visa байланышсыз болду.

Бизнес-коомчулукка биздин ишке берилген жогорку баасы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай таанылуу- жыл аягында ала турчу белектердин эң мыктысы.

Тэги: Am Cham Awards сыйлык Бай Түшүм татыды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу