«‎Бай-Түшүм» насыяны «Кепилдик фондунун» кепилдиги менен бере баштайт

31.05.2021, 15:30 Акчабар
«‎Бай-Түшүм» насыяны «Кепилдик фондунун» кепилдиги менен бере баштайт

"Бай түшүм" ачык акционердик коому жана "Кепилдик фонду" биргеликте кызматташууга макулдашуу үчүн кол коюшту. Мындай жол менен ишкер-кардарлар эми "Бай түшүмдөн" жана "Кепилдик фонду" тарабынан кепилдиги менен насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

"Кепилдик фондунун" башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакировдун айтымында, ишкерлердин 40 пайызынан көбү насыя алуу мезгилинде күрөө коюудагы кыйынчылыктарга дуушар болушат. Аталган макулдашуу дал ушул көйгөйдү чечүүгө багытталган.

"Кепилдик фонду" ишкерлердин керектүү өлчөмдө күрөө коюу менен насыя алуусуна көмөктөшөт. Фонд менен "Бай-Түшүм" банкынын ортосундагы келишим - бул ишкерлерди колдоо багытында каралган келишим болуп эсептелет. Белгилүү болгондой ишкерлердин 40 пайызы күрөөгө мүлк коюуда кыйналышат. Ошондуктан алар же азыраак өлчөмдөгү насыя алып же насыя алуудан таптакыр баш тартышат", - деп белгиледи фонддун жетекчиси.

Адатта насыянын күрөө көйгөйүнө туш болгон чакан жана орто бизнести колдоо идеясы "Бай-Түшүмгө" жакын.

“Мен атайын адистештирилген конференцияларга көп катышам. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн банк секторундагы акыркы өзгөрүүлөрдү көз жаздымда калтырбайм. Бүгүнкү күндө банктар күрөөсүз насыя берүү жолдоруна өтүшүүдө. Бул ишкердик активдүү түрдө мобилдүү болуп баштаганы менен байланыштуу. Жаш ишкерлер бизге белгилүү болгон моделдерден жана кыймылсыз мүлктү алуудан баш тартышат. Албетте каржылоо маселесине келгенде, аларда күрөөгө коюуда мүмкүнчүлүктөрү азаят. Ушундай эле тенденция Кыргызстандагы орто жана чакан ишкердик секторунда да байкалат. Ал эми банктар болсо өз өнүгүүсүн орто жана чакан ишкердиктен көргөндүгү үчүн бизге кепилдик фондунун программасына катышуу маанилүү”, - деди банктын төрагасы Максатбек Ишенбаев.

Бүгүнкү күндө кепилдик фондунун программасынын катышуучулары 16 коммерциялык банк жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду болуп саналат. Фонддун өнөктөштөрү болгон Финансы кредиттик мекемелердин кардарлары насыя алууда 50 пайыздык ченемдеги күрөө менен камсыздоого ээ боло алышат. Ошол эле учурда башка жакка барып документ топтоо сыяктуу маселе жаралбайт. Мындай жумуштардын баарын ишкерлердин ордуна фонд өзү колго алат. Ал эми чечимдердин баарын кредит боюнча комитет чечет. Фонддун кепилдик берүү маселеси он жумушчу күндүн аралыгында каралат. Ал эми Малик-Айдар Абакировдун айтымында, кепилдик берүү боюнча маселе көбүнчө беш күндөн жети күнгө чейин эле толук каралып бүтөт.

"Биз кардарлар менен 99 пайыз толук түздөн түз жолугушпайбыз. Биздин насыя берүүчү адистер өтө сейрек убакта, бизде кошумча суроо пайда болгондо же кредиттин өлчөмү көп болгон учурда гана жерине барып баа беришет. Башка мезгилдерде чечимди банктар кредиттик комитеттерде өз алдынча кабыл алышат. Ошондой эле биздин регионалдык бөлүмдөрдө да кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар”, - деп коушмчалады Абакиров.

Белгилей кетсек, "Кепилдик фонду" беш жыл аралыгында дээрлик үч миллиард сомго ылайык кепилдик берген. Анын натыйжасында, ишкерлер тогуз миллиарддан жогорку өлчөмдөгү насыяларды ала алышкан. Кайтарым пайызы 99. 8% түзгөн.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу