Байлыктарды легалдаштыруу 31-декабрга чейин узартылат

02.05.2024, 15:20 Акчабар
Байлыктарды легалдаштыруу 31-декабрга чейин узартылат

Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана Мунапыс берүү 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет. 

Экономика жана коммерция министрлиги декларациялык кампаниянын мөөнөтүн 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартууну караган “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Азыркы учурда активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү көмүскө активдердин бир бөлүгүн легалдуу жүгүртүүгө чыгарууга мүмкүндүк берет, бул анын натыйжасында легалдуу экономикалык жигердүүлүктүн жогорулашына алып келет.

  • "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана Мунапыс берүү жөнүндө" КРнын Мыйзамын кабыл алуунун максаты жеке жактардын өздөрүнө таандык активдерин,  анын ичинде декларациялоо учуруна карата абал боюнча башка жактарга номиналдуу таризделген жана/же КР чегинен тышкары турган активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, КР экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүү;
  • көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу;
  • активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин аталган Мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин орун алышы мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн КР мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоолордон коргоо болуп саналат.

Тэги: легалдаштыруу  байлык мунапыс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу