Байсалов: Кыргызстан демократиялык өнүгүүнү жактайт

23.11.2022, 12:15 Акчабар
Байсалов: Кыргызстан демократиялык өнүгүүнү жактайт

Кыргызстан демократиялык өнүгүүнү, Конституцияга ылайык адам укуктарын сактоону жана коргоону, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жактайт. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Human Rights Watch” Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон менен жолугушканда билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана адам укуктары жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Тэги: Human Rights Watch минкаб Эдил Байсалов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу