Байсалов алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн кыйытты

17.05.2022, 14:37 Акчабар
Байсалов алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн кыйытты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктердин жана тамекилердин баасы көтөрүлүшү мүмкүн экенин кыйытты. Бул тууралуу ал ден соолук үчүн салык салуу потенциалын жогорулатуу боюнча семинар учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер менен тамекилердин эң төмөнкү баасы байкалып, бул маселеге кызыгуу мамлекеттик социалдык саясатка туура келет.

"Бир бөтөлкө арак бир бөтөлкө кока-коладан арзан болушу мүмкүн эмес. Бул калктын саламаттыгынын начарлашына гана алып келбестен, экономиканын өнүгүшүнө олуттуу тоскоол болуп жатат", - деп белгиледи Байсалов.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун болжолдоолору боюнча, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын баасынын 15%га өсүшү аларды керектөөнүн көлөмүн 22%га кыскартып, кошумча 52 млн доллар акциздик салыктын түшүүсүн шарттайт.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстанда өлүмдүн негизги себептери болуп жугуштуу эмес оорулардын катарына кирген жүрөктүн ишемиялык оорусу, инсульт, цирроз жана өпкө оорулары экендиги айтылды.

Белгиленгендей, семинар эки күн бою өтүп, анын жыйынтыгында ден соолук үчүн салык салуу тармагындагы потенциалды жогорулатуу боюнча теориялык жана практикалык сунуштар иштелип чыгат.

Тэги: Эдиль Байсалов повышение цен алкоголь без лицензии табачная продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу