Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2024-2028-жылдарга Кыргызстандын санариптик трансформация концепциясын ишке ашырууну координациялоого арналган жыйын өткөрдү. Жыйында концепциянын өзү сунушталып, өлкөнүн санариптик күн тартибинин актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү талкууланды.
2024-2028-жылдарга Кыргызстандын санариптик трансформация Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында 200дөн ашык пунктту ишке ашыруу каралган, анын ичинен 2024-жылга 89 иш-чара пландаштырылган. Планга мамлекеттик башкарууну реформалоо, мамлекеттик маалыматтык системаларды интеграциялоо, санариптик инфраструктураны түзүү, жасалма интеллектти өнүктүрүү, санариптик саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык төлөмдөрдү санариптештирүү, айыл чарба, экология жана жер казынасын пайдалануу, энергетика, транспорт, мыйзам чыгаруу процесстери, сот системасы, укук коргоо системасы, курулуш индустриясы, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча иш чаралар киргизилген.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине концепциянын алкагында белгиленген милдеттерди өз мөөнөтүндө жана натыйжалуу ишке ашыруу тапшырылды.