«Бакай Банк» «Кайыңды-Кант» заводуна насыя берди

15.11.2021, 10:13 Акчабар
«Бакай Банк» «Кайыңды-Кант» заводуна насыя берди

"Кайыңды-Кант" ААКсы эмитенттин бир жолку бүтүмүн жарыялады, анын суммасы бүтүм түзүлгөн күнгө карата эмитенттин активдеринин 10% жана андан көп пайызын түзөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, 11-ноябрда “Бакай Банк” кант заводуна беш жылдык мөөнөткө 2,5 миллион доллар насыя берген. Келишимдин шарттары ачыкталган жок.

Кошумчалай кетсек, "Кайыңды-Кант" ААКнын 2021-жылдын III кварталы боюнча отчетуна ылайык, заводдун чыгашасы отчеттук мезгилдин башына -184 млн 222,6 миң сомду түзсө, отчеттук мезгилдин акырына карата ишкана 493 миллион 170,9 миң сом таза пайда алган.

Муну менне бирге 3-кварталда комбинат "Демир Банктан" насыялык каражаттарды алган. Тактап айтканда, ушул жылдын 12-августунда компанияга 2023-жылдын 14-августуна чейин эки жылдык мөөнөткө жылдык 9% менен 1 миллион доллар насыя берилген. Кийинчерээк 16-сентябрда завод "Демир Банктан" ушул эле шартта дагы 800 миң доллар алган.

 

Тэги: Каинды-Кант сахарный завод Бакай банк деньги кредит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу