«Бакай банк» акцияларын сатуу менен уставдык капиталын жогорулатты

25.02.2020, 09:26 Акчабар
«Бакай банк» акцияларын сатуу менен уставдык капиталын жогорулатты

17-21-февраль күндөрү Кыргыз биржа фондунун системасында «Бакай Банк» ААКынын акциялары менен бүтүм катталган.

Ал мурунку аптанын торуктарынын 94,9 пайызын ээлеп, 2 млрд сомду түзгөн.

Эске сала кетсек, «Бакай Банк» ААК жана «БТА Банк» ААКнын акционерлеринин биргелешкен жыйынындагы, «БТА Банк» ААКнын бириктирилип жаткан акцияларынын конверациялары тууралуу чечимине ылайык, «БТА Банк» 22 жөнөкөй акциянын чыгарылышын  өткөргөн. Ал 21-февраль күнү жабык жолу менен «БТА Банктын» акционерлери арасында жайгаштырылган.

Эмиссиянын көлөмү бир баалуу кагаз үчүн 47 сомду түзүү менен 42,5 млн акцияны түзгөн.

Муну менен, акцияларын сатуу аркылуу «Бакай Банк» уставдык капиталын 2 млрд 697 млн 678 миң сомго чейин көбөйткөн.

Тэги: Бакай банк БТА банк акции уставный капитал финансы банки экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу