Бактыбек Сыдыков: Аймактарды өнүктүрмөйүн өлкөнү алдыга жылдыруу мүмкүн эмес

24.11.2021, 10:30 Акчабар
Бактыбек Сыдыков: Аймактарды өнүктүрмөйүн өлкөнү алдыга жылдыруу мүмкүн эмес

Бактыбек Сыдыков кайрадан парламенттин депутаттыгына бир мандаттуу №16 Ноокен шайлоо округунан ат салышууда.

Талапкер аймактарды өнүктүрүүгө багытталган программасы менен шайлоочуларды тааныштырууда. “Өлкөнү өнүктүрүү үчүн эң биринчи аймактарды өнүктүрүү керек”, - дейт Бактыбек Сыдыков. Анын бул багыттагы программасы төмөнкүдөй:

Эң биринчи, аймактардын социалдык-экономикасын абалы оңолсо, көтөрүлсө өлкө көтөрүлөт, өсөт. Бул үчүн буга чейинки демилгеленип келген сунуштарды эске алуу менен ата-мекендик чийки заттарды кайра иштетүү, жеңил өнөр-жайларды, ири өндүрүштүк ишканаларды, чакан цехтерди иштетүү жана жаңы жумуш орундары менен камсыз кылууну колго алып, Министрлер кабинетине сунуш берүү менен муктаждык болсо, жаңы мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизүүнү колго алуу зарыл.

Тагыраагы, экспорт жана импортко багытталган атамекендик өндүрүүчүлөргө мамлекеттен каржылык колдоо көрсөтүүнү активдештирүү шарт. Биздин максат – өзүнүн продукцияларын чет мамлекеттерге чыгарган жана импортту алмаштырган товарлар же сырьену чыгарган ишкердик субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Мындай ишканалар жеңилдетилген насыяларды ала алышат жана алардын каржылык чыгымдарын азайтуу, тейлөөгө жана продукциялардын сапатын жакшыртууга жабдууларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыяларга жеткиликтүүлүгү камсыз кылынат.

Эгерде биз өзүнүн продукцияларын чет мамлекеттерге чыгарган жана импортту алмаштырган товарлар же сырьену  чыгарган ишкердик субъектилерге мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө жетише алсак, анда Кыргызстандын жалпы социалдык-экономикалык абалына сезилээрлик натыйжа берет. Атап айтканда:

- өндүрүштө жумушчу орундарынын саны көбөйөт.

- ишке жарамдуу калктын чет элге миграциясынын деңгээли азаят.

- атамекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жакшырат.

Жеңилдетилген кредиттерди алуу менен заманбап жабдууларды сатып алууга, чыгарылган продукциялардын өздүк наркын азайтууга насыя төгүмдөрүнүн чыгашаларын азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

- Экспортко чыгууучу проукциялардын көлөмү көбөйөт. Айрыкча экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмү жогоруламак.

-  Жаңы заманбап технологиялык багыт жана өндүрүш түзүлөт.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Шайлоо бюллетенинде Бактыбек Сыдыков №5 менен катталган.

Даярдоочу: "Акчабар" ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.
Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Үсенович.
Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 24-ноябрь.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Үсеновичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Камбаров А.Ж.  тарабынан төлөндү.

Тэги: Бактыбек Сыдыков Шайлоо ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу