Бактыбек Сыдыков: Айыл чарба тармагы өлкө экономикасынын негизги багыттарынын бири

22.11.2021, 14:00 Акчабар
Бактыбек Сыдыков: Айыл чарба тармагы өлкө экономикасынын негизги багыттарынын бири

Кыргызстанда айыл чарба тармагы өлкө экономикасынын негизги тармактарынын бири. Агрардык тармакты өнүктүрүү – аймактарды жана жалпы ата-мекендик экономиканын өнүгүүсү менен түздөн-түз байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу №16 Ноокен шайлоо округунан ат салышып жаткан талапкер Бактыбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, өлкө жарандарынын 60 пайызы элет жеринде жашап, көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенет.

“Кыргызстан агрардык өлкө деп айтылганы менен акыркы 30 жылдын ичиндеөнүккөн айыл чарба тармагыбызды сактап кала алган жокпуз. Башкача айтканда, айыл чарбасынын азыркы абалы замандын талаптарына жооп бербейт. Анткени бул секторду модернизациялоо абдан жай ыргакта жүрүп, асыл-тукум жана үрөн чарбалары жоюлуп, туура эмес пайдалануудан айдоо жерлер деградацияга дуушар болду”,- деди Сыдыков.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер бул маселеге чекит коюуга убакыт келди деп эсептейт.

“Ар бир элеттиктин же дыйкандардын жыргалчылыгы - Кыргызстандын жыргалчылыгы. Аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү мамлекеттин приоритеттүү багыты болушу керек. Мына ошондуктан менин шайлоо алдындагы программамда айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Мисалы, аймактарда жаңы жана иштебей турган, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүү үчүн каражат табууга, кошумча жумуш орундарын түзүү менен жаңы өндүрүш ишканаларын уюштурууга жана иштеп жаткан өнөр жай өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берүүгө басым жасалган. Аны менен бирге эле ири агроөнөр жай комплекстерин жана аймактык соода-логистикалык борборлорун түзүүнүн жаңы механизмдерин киргизүүгө көңүл бурулган. Мындан тышкары, биз суу каналдарын куруп, ирригация системаларын модернизациялап, сугат жерлердин аянтын кеңейтип, ар бир айылдык округда машина-трактор станцияларын ачып, дыйкандардын негизги көйгөйүн чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле, жеңилдетилген кредиттерди узак мөөнөткө берип, үрөн жана жер семирткич жагынан колдоо көрсөтүү элеттиктердин ишин илгерилетет”, - дейт ал.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Шайлоо бюллетенинде Бактыбек Сыдыков №5 менен катталган.

Даярдоочу: "Акчабар" ЖЧК. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.
Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Үсенович.
Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 20-ноябрь.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Үсеновичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Камбаров А.Ж.  тарабынан төлөндү.

Тэги: Бактыбек Сыдыков Шайлоо ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу