Бактыбек Сыдыков: Өз элиме кызмат кылгандан артык нерсе жок

26.11.2021, 16:50 Акчабар
Бактыбек Сыдыков: Өз элиме кызмат кылгандан артык нерсе жок

Бир мандаттуу №16 Ноокен шайлоо округунан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Бактыбек Сыдыков шайлоочуларга кайрылуу жасады.

Урматтуу жердештерим, кадырлуу шайлоочулар!

28-ноябрда баарыбыздын алдыбызда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жоопкерчилиги турат. Сиздин добушуңуз өлкөбүздүн келечегин, балдарыбыздын эртеңки күнүн аныктайт.

Шайлоонун жүрүшүндө мен Ноокенимдин ар бир айылына барып, көпчүлүк жердештерим менен жолуктум. Эл алдында Жогорку Кеңеште аткара турган пландарым менен тааныштырдым. Жолугушуу учурунда мага берилген суроо-талаптарыңыздар, каалоо-тилектериңиздер жаңы идеяларды берди. Мен буларды милдетим катары кабыл алдым.

Мен, өлкөбүз, анын ичинде Ноокен жергеси жашаганга ыңгайлуу, жумуш орундары менен камсыз болгон чарбасы мыкты аймак болсо деп кыялданам. Ар бирибиз туулуп өскөн жерибизден кетпей туруп бактылуу жашаганга эмне жетсин. Мунун баары өзүбүздүн колубузда.

Мен үчүн өз элиме кызмат кылгандан артык нерсе жок. Менин ыраматылык атам, “Кыргызстанга, анын ичинде Ноокенге талыкпай кызмат кыл” деген улуу керээз калтырып кетти. Мен үчүн бул чоң жоопкерчилик.

Урматтуу жердештер, ар бириңиздерди 28-ноябрь күнү шайлоо тилкелеринен күтөм. Тандооңуз туура болсун!  

Урматым менен, жердешиңер Бактыбек Сыдыков!  

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧК. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.
Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Үсенович.
Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 26-ноябрь.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Үсеновичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Камбаров А.Ж. тарабынан төлөндү.

Тэги: Бактыбек Сыдыков Ноокен Шайлоо ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу