Талас облусунун Кара-Буура аймактык ооруканасында 40 орундуу жаңы бөлүм ачылды. Бул тууралуу Альянс-Алтын компаниясынан билдиришти.
Долбоордун демөөрчүлөрүнүн бири катары "Бакубат Талас" фонду ооруканага 1 миллион сомдон ашык каражат жумшады. Акча бөлүмдүн ички жабдуулары: керебеттер, шкафтар, столдор, муздаткычтар, мониторлорго багытталды.
Белгилей кетсек, фонд учурда 150 миллион сомдук долбоорлорду каржылоодо. Жалпы сумманын 60 миллион сому социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, 90 миллиону жеңилдетилген насыялоого бөлүнгөн.