Бакыт Төрөбаев: «КР IT-тармагы колдоого муктаж»

15.11.2019, 10:23 Акчабар
Бакыт Төрөбаев: «КР IT-тармагы колдоого муктаж»

14-ноябрдагы Жогорку Кеңштин жыйынында депутаттар  «КР 2019-жылдагы республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдардагы  болжолдуу бюджет» мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулашты. 

 

Талкуу учурунда депутат Бакыт Төрөбаев долбоордун кийинки жылдагы бюджети өткөн жылдын бюджети менен тең келээрин белгиледи. 

«Мен жаңы эч нерсе уга алган жокмун: региондорду өнүктүрүүгө 2 млрд сом, стимул гранттарга - 600 млн сом, айыл-чарба насыяларга - 600 млн сом, НДСти кайтарууга - 500 млн сом. Экономиканы көтөрүүгө (бизнести колдоого), маалымат технологияларын жана инновацияны  өнүктүрүүгө эч кандай каражат бөлүнгөн эмес», — деп айтты Төрөбаев. Муну менен катар депутат өнүккөн өлкөлөрдөгү IT-технология тармагын мисал келтирди. 

Андан сырткары эл өкүлү өкмөттү Кыргызстандын ЕАЭСке киген мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу колдонууга чакырды.  

 

 

 

Тэги: бюджет IT депутаты экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу