Бала-бакчалар өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери алынгандан кийин иштеп баштайт

29.04.2020, 12:30 Акчабар
Бала-бакчалар өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери алынгандан кийин иштеп баштайт

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев бала бакчалар качан иштей баштай тургандыгы тууралуу айтып берди.

Маалымат жыйында ага 11-майда жумушка чыга баштасак, бала бакчалар качан иштей баштайт деген суроо берилди.

Анын айтымында, 1, 11 жана 21-майда иштеп баштайт деген ишкана-мекемелерден тышкары, тизмеге кирбеген ишкана-мекемелер, анын ичинде билим берүү мекемелери, бала бакча, мектептер өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери алынгандан кийин иштеп баштайт.

«Ал эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Эгер 1-июнга карата абал турукташса, алар 1-июндан тарта иштей баштайт. Эгерде андан кийин маселелер боло берсе, алар кийинчерээк 10, 15-июнда же июль айында ачылат», - деди ал.

Тэги: бала-бакча өзгөчө кырдаал өзгөчө абал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу