Балдардын жөлөк пулун жогорулатууга бюджеттен 1,2 млрд сом бөлүнгөн

01.06.2022, 15:30 Акчабар
Балдардын жөлөк пулун жогорулатууга бюджеттен 1,2 млрд сом бөлүнгөн

Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүнбюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом кошумча бөлүнгөн. Бул тууралууЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, жогорулоо өлкө боюнча 300 миңден ашуун балага тиешелүү болот.

"Президент Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пулдарын жогорулатууга кошумча 1 миллиард 200 миллион сом бөлдү. Бул багыттагы иш токтобойт, мамлекеттин балдарга болгон камкордугу системалуу, ырааттуу", - деди министр.

Белгилеп кетсек, бүгүн өлкө боюнча Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө.

Тэги: жөлөк пул балдар министр Базарбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу