Балык чарба департаментинин “Тоң балык өстүрүүчү заводу” мамлекеттик ишканасы Ысык-Көл көлүнүн балык уулоочу тилкелерин балыктандыруу боюнча иш-чараларын өткөрдү. Жашоого жарамдуу абалдагы Ысык-Көлдүн форель гегаркуни балыгынын 445 миң даана чабактары жана сига-лудога балыгынын 5 млн 750 миң даана чабактары кое берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калган.
Балык чарба департаменти Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясы менен макулдашуулукта жыл сайын Кыргызстандын мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндө балык камдарын заводдук ыкмада жасалма жол менен өстүрүү боюнча тапшырмасын бекитет.