Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун Балыкчы-Барскоон тилкесинде жер казуу иштери кызуу жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда 25-чакырымда жер казуу иштеринин 90%ы бүткөрүлүп, жолдун курулушу уланууда.
Өткөн жылы бул участокко узундугу 2,2 чакырым келген асфальт-бетон төшөлгөн. Трассанын жалпы узундугу 142 чакырымды түзөт.
Белгилей кетсек, Балыкчы-Барскоон унаа жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Кыргызстандын эгемендик тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчиги ата мекендик компания – Кыргызстандын жол курулуш компанияларынын ассоциациясы болуп саналат.