Балыкчыдагы канаттуулар фабрикасын каржылоо жанданат

23.12.2020, 16:05 Акчабар
Балыкчыдагы канаттуулар фабрикасын каржылоо жанданат

Балыкчы шаарындагы «Агро Куш» канаттуулар фабрикасына кошумча жер тилкеси бөлүнүп берилиши мүмкүн. Ал эми Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылоону ушул жылдын 24-декабрынан баштайт. Бул тууралуу премьер-министрдин м.а. Артем Новиковдун Балыкчы шаарына болгон иш сапарында маалым болду. 

 



Новиков белгилегендей, канаттуулар фабрикасынын толук кандуу иштеши ички рыноктун тоок этине болгон муктаждыктын 30%га жабат, ошондой эле импорттолуучу канаттуулардын эти азайып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатат.

 

«Ишкана жылына 4,6 млн бройлер-тоокту өндүрүүгө жана 12,5 миң тонна этти кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Каржылоо башталса ишкананы  2021-жылдын 15-январында ишке киргизүү пландаштырылды, ал эми продукциялар дүкөндөрдүн текчелерине 2021-жылдын апрель айларында коюлат», - деп жазылат маалыматта. 

 




Иш сапардын жүрүшүндө канаттуулар фабрикасынын жетекчилери өндүрүштү кеңейтүүнүн мындан аркы пландары жөнүндө айтып беришти. 
 

Тэги: Новиков фабрика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу