"Азия Банкы" жабык акционердик коому башкармалыктын курамы өзгөргөнүн билдирди. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган.
Тактап айтканда, банктын директорлор кеңешинин 12-майдагы чечимине ылайык, башкармалыктын мүчөсү болуп Владислав Тен шайланды.
Ал бул кызматка 11 айлык мөөнөткө, 2024-жылдын 1-апрелине чейин шайланды.