Былтыр комбанктар дээрлик 181 млрд сомго насыя берген

10.05.2022, 10:58 Акчабар
Былтыр комбанктар дээрлик 181 млрд сомго насыя берген

Кыргызстандын экономикасына коммерциялык банктардын кредиттери 2021-жылдын аягында 180 миллиард 794,9 миллион сомду түздү. 2020-жылга салыштырмалуу алардын көлөмү 17,9 млрд сомго же 11%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. 

Анын ичинен жалпы кредиттердин 72%га жакыны улуттук валютада берилген.

"Кредит портфелинин негизги көлөмү соода чөйрөсүндөгү каржылоонун эсебинен 51,1 млрд сом же жалпы көлөмдүн 28,3%ы, айыл чарбасы – 34,2 млрд сом, же 18,9%, керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына – 21,5 млрд сом, же 11,9% түздү. %, ал эми ипотека — 19,7 млрд сом же 10,9%", — деп билдирет Улуттук статистикалык комитет.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы кредиттик портфелдин 88,4%ы узак мөөнөттүү кредиттерге, 11,6%ы бир жылга чейинки кыска мөөнөттүү кредиттерге туура келген.

Тэги: кредиты комбанки Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу