Жоюла турган банктар депозит салгандарга 400,2 млн сом төлөп берди

18.01.2024, 15:29 Акчабар
Жоюла турган банктар депозит салгандарга 400,2 млн сом төлөп берди

Жоюлуу алдында турган банктар 2023-жылдын тогуз айында депозитчилерге 400,2 млн сом өлчөмүндөгү милдеттенмелерин төлөштү. Мындай маалыматты Улуттук банк билдирди. 

Банктар жеке адамдардын депозиттери боюнча 126,7 млн сом, ал эми юридикалык жактардын 273,5 млн сому боюнча милдеттенмелерин төлөштү. Банктар 2018-жылдан бери биринчи жолу мынчалык чоң суммадагы депозиттик карызды төлөштү.

Алсак, жоюу процессинде турган банктар – “АзияУниверсалБанк” ААК, “Ысык-Көл ХБ” ААК жана “Ак Банк” ААК аманатчыларга дагы 1 млрд 61,6 млн сом карыз бойдон калууда.

Кошумчалай кетсек, бул тизмедеги “Манас Банк” 2023-жылдын июнь айында расмий түрдө жоюлган. Анын да кардарлардын алдында төлөй турган депозити бар болчу. Бирок алар аз суммада болгондуктан кардарлар акчаларын алганы келбей жатканы айтылган. 

Банкты жоюу буйругу 2023-жылдын июнь айында чыгарылган.

 

Тэги: банки Кыргызстана ликвидация банков депозиты Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу