Кыргызстандын коммерциялык банктарынын тышкы карызы 2022-жылдын 1-октябрына карата 526,2 миллион долларды түздү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
2021-жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу банктардын карызы 320,1 миллион доллардан 1,6 эсеге же 206,1 миллион долларга өскөн.
Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн банк секторунун жалпы карызы өткөн жылдын 1-октябрына карата 119 миллиард 511,1 миллион долларды түзүп, бир жыл ичинде 316,6 миллион долларга кыскарганын кошумчалайбыз. Буга россиялык банктардын карызынын 5 миллиард 597,7 миллион долларга азайып, 99 миллиард 666,8 миллион долларга чейин кыскарышы себеп болгон.
Биримдикке кирген бардык башка өлкөлөрдө банк секторунун карызы көбөйгөн. Анын үстүнө пайыздык көрсөткүчтө Кыргызстан алдыда, + 64,4%.