Банктар акча алмаштырууда ККМди колдонууга каршы болууда

30.11.2022, 15:27 Акчабар
Банктар акча алмаштырууда ККМди колдонууга каршы болууда

Кыргызстандын банктары акча алмаштырууда кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы чыгышты. Бул талап Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга жарыяланган Салык кодексине өзгөртүүлөрдүн пакетинде камтылган.

Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев Кепилдик фондунун өлкөдөгү чакан жана орто бизнестин абалы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгын таанытуу учурунда банктар ЖКга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоодо өз позициясын коргоого ниеттенип жатканын билдирди.

Абдраевдин айтымында, Кыргызстандын банк коомчулугунда бул чара буга чейин колдонулуп келген нормаларды кайталоо болуп саналат. 
 

“Азыр Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Тилекке каршы, биздин кээ бир каалоолорубуз эске алынган жок. Тактап айтканда, банк сектору ККМге каршы. Биз азыртан эле онлайн иштеп жатабыз, маалымат өткөрүлүп жатат. Бирок, ар бир жолу бизди алар ККМ менен кошумча операцияларды жүргүзүүгө мажбурлап жатат”, - деди ал.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу