Банктардын капиталдык минималдуу өлчөмү көбөйөт

23.03.2022, 12:50 Акчабар
Банктардын капиталдык минималдуу өлчөмү көбөйөт

Улуттук банкы уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнө талаптарды баскыч-баскычы менен жогорулатуу боюнча маселени карайт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк өлкөдөгү валюталар курсунун жогорку өзгөрмөлүүлүгү менен коштолгон кырдаалды эске алуу менен банк системасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, ар кандай экономикалык кырдаалдарда ички таасирлерге каршы турууда банк системасынын ийкемдүүлүгүн жана жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, кайра түзүлгөн жана иштеп жаткан банктар үчүн чет өлкөлүк банктардын филиалдарынын капиталына талаптарды кошкондо, уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнө талаптарды баскыч-баскычы менен жогорулатуу жөнүндө маселени карайт.  

Улуттук банктын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча жаңы талаптарга болжолдуу сандык багыты 1 млрд сом болуп саналат, мында системалуу мааниге ээ банктар үчүн талаптардын өлчөмү көрсөтүлгөн суммадан жогору болот. 

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк алардын ишмердүүлүгүнүн тобокелдикке, анын ичинде учурдагы кырдаалды эске алуу менен кредиттик тобокелдикке дуушарлануусун эске алып, банктардын келечектеги керектөөлөрүн өз убагында баалоонун маанилүүлүгү тууралуу белгилейт, анткени капитал, анын ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайда Улуттук банк тарабынан белгиленген уставдык капиталга карата талаптарды аткаруу үчүн банкка келечекте талап кылынышы мүмкүн, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: банк капитал устав

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу