«Баркад» облигациялар боюнча киреше түрүндө 3,6 млн сом чегерген

01.12.2021, 09:37 Акчабар
«Баркад» облигациялар боюнча киреше түрүндө 3,6 млн сом чегерген

"Баркад" облигациялардын биринчи чыгарылышы боюнча пайыздык кирешенин төлөнүшү тууралуу билдирди. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Ошентип, компания биринчи чыгарылыштын алкагында жайгаштырылган облигациялар боюнча 3,6 миллион сом пайыздык кирешени чегерген. Бүгүнкү күндө “Баркад” 173 баалуу кагаз кармоочуга 3 миллион 394 миң 320 сом төлөп берди. Калган сумма да 46 баалуу кагаз ээлеринин каалоосу боюнча бөлүштүрүлөт.

Кошумчалай кетсек, бул компаниянын биринчи эмиссиясынын алкагында облигациялардын кирешелүүлүгүнүн төртүнчү төлөмү. Бардыгы болуп "Баркад" кирешени төлөө үчүн 11 376 980 сом бөлүп берген.

Эске салсак, "Баркад" компаниясы биринчи жолу 2020-жылдын октябрь айында 90 миллион сомго корпоративдик облигацияларды чыгаруу менен фондулук рынокко чыккан. Компаниянын баалуу кагаздары дароо бааланып, Blue Chips категориясы боюнча Кыргыз фондулук биржасынын расмий тизмесине киргизилген.

Тэги: Баркад корпоративные облигации доход выплата процентов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу