Ат-Башы ГЭСин оңдоого 2,5 млрд сом жумшалды

28.02.2024, 15:15 Акчабар
Ат-Башы ГЭСин оңдоого 2,5 млрд сом жумшалды

Кыргызстан менен Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) кызматташтыгынын алкагында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо долбоору ийгиликтүү аяктады. Бул максатка 24,7 миллиондон 22,4 миллион швейцар франкы (2,5 млрд сомго жакын) бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор 2023-жылы аяктаган.

Белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, ГЭСтин техникалык жоготуулары азайган. ГЭСтин орнотулган кубаттуулугун 14%га чейин көбөйтүү менен станциянын ишинин ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу камсыз кылынган, ал эми ГЭСтин пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга көбөйгөн. 

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана Ат Башинская ГЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу