Башкы прокуратуранын алдында Ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо кеңеши түзүлдү

25.01.2022, 17:40 Акчабар
Башкы прокуратуранын алдында Ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо кеңеши түзүлдү

Башкы прокуратуранын алдында ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңештин максаты - ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча аракеттерди уюштуруу жана бириктирүү максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмин түзүү. Орган төрагадан, катчыдан жана мүчөлөрдөн, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн турат.

Учурда кеңештин курамы түзүлүүдө. Ушуга байланыштуу бизнес өкүлдөрүнүн арыздары төмөнкү критерийлер боюнча кабыл алынат:

  • Бизнес-коомчулуктун өкүлү ар кандай тармактарда иштеген, мүчөлүк акыларды төлөгөн 20дан кем эмес мүчөнүн башын бириктирет, ошондой эле эң көп көрсөткүчү менен акыркы беш жылдан кем эмес расмий документтер жана ММКлар тарабынан көзөмөлдөнгөн ишмердүүлүк тарыхы бар.
  • Бизнес-коомчулуктун өкүлү кеңештин алкагында иш-чараларды жүргүзүү үчүн тажрыйбага жана инфраструктурага ээ
  • Бизнес-коомчулуктун өкүлү өз мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн өзүнүн кеңсеси жана кызматкерлери бар
  • Бизнес-коомчулуктун өкүлү юридикалык жакты түзбөстөн чарбалык бирикмелердин союзу же альянсы боло алат, бирок анын уставы, протоколу жана чарбалык бирикмелердин маалыматтары болушу керек.

Арыздар 2022-жылдын 7-февралына чейин prokkorgoo@mail.ru электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат. 

Тэги: инвестор укук прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу