Баткен бажысынын кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте Өзбекстандан аткезчилик менен ташылып келинген 70 кап минералдык жер семирткичти табышкан. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунунда “М.Н.З.” башкаруусундагы “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө Өзбекстандан чыккан 40 кап минералдык жер семирткич аммиак селитрасы табылган.
“Товардын бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган бир дагы документи жок. Кармалган товардын жалпы салмагы 2000 кг. Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 84 миң сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, “Ш.Н.Ж.” башкаруусунда “Ford Tansit” үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда да ушуга окшош мыйзам бузуу аныкталган.
“Бул унаадан 30 кап минералдык жер семирткич аммиак селитрасы табылды. Жалпы салмагы 1500 кг, баасы 63 000 сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча материалдар бажылык териштирүү секторунда каралууда.