Баткен бажычылары мыйзамсыз жер семирткич ташыган жаранды кармады

18.01.2023, 12:36 Акчабар
Баткен бажычылары мыйзамсыз жер семирткич ташыган жаранды кармады

Баткен бажысынын Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен районунун Бүжүм айылында М.У.Б аттуу жаранды (башкы тамгалар өзгөртүлдү) башкаруусунда “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, андан мыйзамсыз ташылып келинген минералдык жер семиркичтерди аныктаган. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Текшерүү учурунда Өзбекстанстанда өндүрүлгөн минералдык жер семирткич аммиак селитрасы табылган. Товардын жалпы салмагы 3000 кг түзүп, айдоочуда бажылык  тариздөөнү тастыктаган документтер болгон эмес.

“Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 114 миң сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.    

Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча чогултулган материалдар Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын Бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу