Баткен облустук сотунун катчысы 300 миң сом пара менен кармалды

07.02.2023, 13:20 Акчабар
Баткен облустук сотунун катчысы 300 миң сом пара менен кармалды

Баткен облустук сотунун катчысы Х.у.Ш аттуу жаран ири суммадагы пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран  300 миң сом суммадагы акчаны алып, сот чечимин пайдага чечип берүүнү убада кылган.

“Аталган иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту (пара алуу) боюнча иш каралат. Ири өлчөмдөгү акча (300 000 сом) менен  Баткен облустук сотунун катчысы Х.у.Ш кармалды”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу