Баткен облусуна кошумча 178,6 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн “Telegram” каналында билдирди.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандарга жалпысынан 178,6 млн. сом бөлүнөрү маалым болду.
Анын 10 млн. 600 миң сому гана жабыр тарткан ишкерлерге жөнөтүлөт. Ал эми президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө 168 млн. сом берилет.