Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Баткен облусунда жалпы республикалык өсүшкө карабастан сүт өндүрүү азайып жатканын айтты.
Кыргызстанда быйыл сүт өндүрүү 1 млрд 270 миң тоннага жетип, көбөйсө да (бул былтыркыдан 26,4 миң тоннага көп), тескерисинче Баткен облусунда сүт өндүрүү кыскарды.
Облуста сүт өндүрүү былтыркыга салыштырмалуу 5%га азайган, бул малдын санынын 4 миң 710 башка азайышына байланыштуу.