Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

11.07.2024, 09:50 Акчабар
Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ кечинде Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесин сел каптаган.

Маалыматка ылайык, 130дан ашык тургун эвакуацияланды. Коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн 50сү жаш балдар.

Жаандан улам каптаган сел суулары турак үйлөргө кирип, ички чарбалык жолдорду каптаган. Жеринде сел кесепетттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Тэги: өзгөчө кырдаал Баткен сел эвакуация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу