Баткен жана Фергана облусунун ишкерлери кызматташуу боюнча макулдашты

09.06.2023, 11:05 Акчабар
Баткен жана Фергана облусунун ишкерлери кызматташуу боюнча макулдашты

Баткен облусунун ишкерлерден турган делегациясы Өзбекстандын Фергана облусуна барды. Делегациянын курамында президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов да болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Жолугушууда  Фергана жана Баткен облустарынын  ишкерлери инвестициялык жана соода экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты. 

“Ишкерлер өз багыттары боюнча Фергана, Маргилан, Кувасай шаарларындагы жана бир катар райондордогу өнөр жай, айыл чарба, курулуш, текстиль багыттардагы ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Эки облустун ишкерлери кызматташуу боюнча бир нече келишимдерге кол коюшту”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилеп кетсек, жолугушуу 2023-жылдын 27-январында Бишкекте бекитилген Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өщбекстандын Фергана облусунун хокимиятынын ортосунда 2023-2025-жылдарга кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү комплекстүү программаны (“Жол Картасы”) ишке ашыруу максатында уюштурулду. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу