Баткенде 1 млн долларлык мыйзамсыз ташылган жүк аныкталды

06.02.2023, 15:18 Акчабар
Баткенде 1 млн долларлык мыйзамсыз ташылган жүк аныкталды

Баткен облусунда дээрлик 1 миллион доллар суммасында аткезчилик жүк аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Кадамжай районуна чектеш мамлекеттерге товардык-материалдарды мыйзамсыз импорттого жана экспорттоого катыштыгы бар адамдарга карата 20 даректе тинтүү жүргүзүлгөн. 

“Тинтүү учурунда 4377 телевизор, 3162 уюлдук телефон, 308 куту акцизсиз тамеки, 265 дөңгөлөк, 2,5 тонна түстүү металл (жез), 11 220 АКШ доллары жана 504 000 сом накталай акча, ошондой эле башка керектөө товарлары табылган. Бул товарлардын болжолдуу баасы 1 миллион АКШ долларын түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча аныктоо жана буга тиешеси бар адамдарды тергөө иштери жүрүүдө. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу