Быйылкыга карата республикалык бюджеттин эсебинен Баткен облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы тарабынан облус боюнча жалпы 44 социалдык объекттин курулушу каралган. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 21 объект капиталдык курулуш болсо, 17 объект капиталдык оңдоп түзөө, 6 объект таза суу түтүгүн тартууга байланыштуу.
“Аталган 44 объектиге 266 млн 843миң сом каралган”, - деп айтылат маалыматта.
Тармактар менен алганда;
Белгилеп кетсек, жыл башынан бери 241 млн. 838 миң сомдук жумуштар аткарылды. Жыл соңуна чейин 14 социалдык объектилердин курулушун аяктоо, тапшыруу пландалууда.