Баткенде 45 млн сомго кап чыгарган ишкана ачылды

12.02.2024, 11:17 Акчабар
Баткенде 45 млн сомго кап чыгарган ишкана ачылды

Баткенде жеке ишкер ачкан “Сүлүктү-Бакай” кап чыгарган ишканасында 75 киши жумуш орду менен камсыз болду. Бул тууралуу “Reporter.kg”  президенттин облустагы өкүлчүлүгүнө таянып жазды. 

Сүлүктүдөгү ишкана 2023-жылы сентябрь айында иштей баштаган. Аны ачууга жалпы 45 млн сом сарпталган. Анын ичинен 34 млн сомду жеке ишке Каныбек Исмаилов өз чөнтөгүнөн чыгарып, кошумча Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 11 млн сом алган. 

“Учурда ишкана күнүнө 18 миң кап чыгарат. Каптар көмүр, акиташ салуу жана дан эгиндерин сактоо үчүн колдонулууда”, - деп айтылат маалыматта. 

Өкмөт башчынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткенге болгон иш сапары учурунда аталган ишкананын иши менен таанышкан.

 

Тэги: Ишкана жеке ишкер Ишкердик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу