Баткен облусунда аткезчилик менен алынып келинген дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-июнда Лейлек районунун 1993-жылы туулган С.у.И. жана 1991-жылы туулган М.Т.З. аттуу жарандар унаада кармалган.
"Унаанын ичинен кошуна мамлекеттердин биринин аймагынан Баткен облусуна аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер табылды. Аталган унаа Лейлек районунан Кадамжай районун көздөй, кийин аталган жүктү жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу сатуу үчүн бара жаткан", - деп айтылат маалыматта.
Унаа жана жүк атайын сактоочу жайга калтырылган.
Учурда бул мыйзам бузуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.