Баткенде бажычылар дээрлик 254 миң сомдук мыйзамсыз товарды аныктады

17.02.2023, 09:42 Акчабар
Баткенде бажычылар дээрлик 254 миң сомдук мыйзамсыз товарды аныктады

Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Бүргөндү” чек ара постунан 343 кап жыгач күлүн жана 108 кап насыбайды аныкташты. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, “Э.Б.А.” башкаруусунда “Volvo FH 500” үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө 343 кап жыгач күлү жана 108 кап насыбай табылган. Товардын бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган бир дагы документи болгон эмес.

“Кармалган жүктүн жалпы салмагы 14 921 кг түзөт. Товардын орточо базар баасы 253 миң 800 сомду түздү”, - деди Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмү. 

Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар тиешелүү тарапка өткөрүлүп берилип, бажылык териштирүү секторунда каралууда. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу